Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги менен КРдин Кытайдагы элчилиги Ухань шаарындагы мекендештерди алып келүү маселесин карап жатат. Бул туурасында ТИМдин маалымат кызматынан билдиришти.
«Ошол эле учурда министрлик Кытайда коронавирус коркунучу жөнгө салынмайынча ал жакка барбай турууну сунуштайт», — деп айтылат маалыматта.
ТИМ Кытайда жүргөн кыргызстандыктардан дайын-дарегин жана телефон номерлерин билдирип коюуну өтүнөт.
Белгилей кетсек, 2020-жылдын 30-январына карата Кыргызстанда конавирустун такстыкталган учуру катталган жок.