Кыргызстанга Кытайдан 42 киши келди

Окуялар тизмеги 31 Янв 2020 11:44
0 ой-пикир

28-29-январь күндөрү Кыргызстанга Кытайдан 42 киши келди. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, келгендердин 24ү кыргызстандык, калган 18и кытайлык жарандар.

«Келгендердин баары тепловизордун жардамы менен медициналык процедурадан өтүштү, аларда оорунун белгилери табылган жок. Москва районундагы ооруканада 6 киши, Сокулук районунда 3 киши жатат. Алардын абалы канааттандыраарлык, дарыгерлер көзөмөлдөшүүдө. Калган 33 киши андан ары жашаган жеринен медициналык көзөмөлдөн өтүшү үчүн үйлөрүнө кое берилди», — деп айтылат министрликтин маалыматында.

30-январда санитардык-карантиндик пункттардан 14 миң 445 киши текшерүүдөн өтүштү.

Акыркы маалыматтарга караганда, коронавирусту Кытайдан башка өлкөлөрдө (18 мамлекетте) жуктуруп алгандардын саны 100дөн ашты. Кытайдын өзүндө 30-январга карата 170 адам каза болуп, дагы 8 миңге жакын киши илдетти жуктурганы кабарланган.

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму коронавирус Кытайдан башка өлкөлөрдө да жайылып жатканына байланыштуу эл аралык өзгөчө абал жарыялады.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.