БШКнын мүчөсү Осмоналиев: Интервью берүү — өзгөчө оор кылмыш болуп калды

Окуялар тизмеги 30 Янв 2020 14:26
0 ой-пикир

Борбордук шайлоо комиссияынын мүчөсү, коопсуздук кеңешинине караштуу коррупцияга каршы эксперттик топтун мүчөсү Кайрат Осмоналиев өзүнө карата «Атайылап жалган айгак болуу» беренеси менен сотко чейинки өндүрүш башталганын Фейсбуктагы баракчасына жазып чыкты.

Анын айтымында, «Кыргызнефтегаз» боюнча берген интервьюсуна байланыштуу милиция териштирүү иштерин баштаган.

» Интервью берүү — өзгөчө оор кылмыш болуп калды. Кызыгы, тергөөчүлөр өздөрү бул аракеттери абсурд экендиги түшүнөт бекен?», — деп жазган Осмоналиев.

Ал массалык маалымат каражаттарына «Кыргызнефтегаз» тууралуу эксперттик пикирин, коррупциялык тобокелчиликтер жөнүндө айтып бергенин кошумчалады. Ал эч кандай жалган маалымат таратпаганын белгиледи.

Особо опасное преступление — дать интервью. Интересно, сами то дознаватели понимают творимый абсурд?

Опубликовано Кайратом Күнтуу Среда, 29 января 2020 г.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.