Тарых сабактары. Устаттар жана кеңешчилер тууралуу

Аналитика, Окуялар тизмеги, Статьялар 29 Янв 2020 09:02
0 ой-пикир

Зайнидин Курманов – атайын Elgezit.kg үчүн.

Устаттар жана кеңешчилер институтунун байыркы тарыхы бар. Алар мамлекеттердин жана коомчулуктун тагдырына чоң таасир беришет, алардын өнүгүү багытынан элдин тагдыры көз каранды. Устаттар адамдарды бала чагынан баштап тарбиялашып, алардын дүйнө таанымын калыптандырып, илимге, адеп-ахлакка үйрөтүшкөн. Натыйжада кеңешчилер бийик даражалуу кызматтарга ээ болушуп, алардын милдеттерине жетекчилерине идеяларды, пландарды, иш-аракеттерди сунуштап, чечим кабыл алуу кирген.

Устаттар жана башкаруучулардын кеңешчилери өзгөчө ролду ойношкон. Алардын тарбиясынан жана кеңештеринен бүтүндөй элдин жана өлкөнүн тагдыры чечилип келген. Ошондуктан аларды тандоого өзгөчө көңүл бурулган.

Айрым учурларда башкаруучулар кеңештерди укпай, өздөрү каалагандай иш алпарышкан. Кеңешчинин жана устаттын макамынын башкаруучунун макамынан айырмасы  жеке жоопкерчиликте болгон.

Александр Македонскийдин устаты жана кеңешчиси улуу философ, ойчул Аристотель болгон. Ал болбосо Александр улуу болбойт болчу жана анын Азияга болгон жортуулун “Афинаны өрттөгөнү үчүн өч алууда” деп түшүнүшмөк. Бирок Аристотель шакиртинин жортуулунда улуу маани бар экенин – Европа менен Азияны бириктирүү максаты болгонун билдирген. Мындан соң анын жортуулу дароо терең философиялык мааниге ээ болуп калган. Ошондуктан биз Александрды жеңишке жете билген башкаруучу катары гана эмес, улуу жаратман, жаңы идеялардын ишке ашырган адам катары билебиз.

Башка императорлордун, падышалардын, башкаруучулардын деле абройлуу кеңешчилери болгон. Мисалы, император Нерондун кеңешчиси белгилүү философ Сенека болгон, бирок императордун айынан ал өз өмүрүнө кол салган. Ал эми Октавиан Август болсо акылдуу философ жана саясатчы Цицеронду кеңешчи кылып алган. Ал Марк Антоийди (Юлий Цезарь менен өнөктөш) жеңүүгө жардам берип, аны Римдин биринчи императору кылган. Кеңешчилер башкаруучулардын айланасындагы нааразычылыктарды басаңдатууга көмөктөшүп, жеке абройлору менен анын чечимдерине күч берип турушкан. Элдер башкаруучунун кеңешчисине ишенишсе, анын чечимдерине дагы ишенишкен.

Азыркы президенттердин жана премьер-министрлердин дагы кеңешчилери бар. Мисалы, Назарбаевдин кеңешчиси “Малайзия кереметинин” архитектору, улуу реформатор, Малайзиянын премьер-министри Махатхир Мохаммад жана Улуу Британиянын экс-премьери Тони Блэр болгон. Акаевдин кеңешчиси швед дипломаты, дүйнөлүк деңгээлдеги профессор-экономист, Чыгыш Европанын экономикасы боюнча адис Андерс Ослунд болгон. Бирок андан сырткары дагы формалдуу эмес кеңешчилер дагы болуп, айрым учурларда алардын пикири дагы чечүүчү мааниге ээ болгон. Ал эми Атамбаевдин болсо башкы кеңешчиси анын шоопуру болгон! Ал кандай кеңеш бере аларын эч ким түшүнчү да билчү да эмес. Ошондуктан анын иши оңунан чыкпай, Атамбаевдин башкаруусу тарыхта уурдоо-тоноолор көп болгон, эң начар мезгил катары калды.

Ошондуктан устаттар жана кеңешчилер иснтитутуна жогорку талаптарды коюу керек. Башкаруучулар баарын билбейт жана баарынан кабардар болууга милдеттүү эмес, ошондуктан кеңешчилер институту бар. Кеңешчилер кеңеш беришет, ал эми жардамчылар аткарышат. Айырмасын сезип жатасыңарбы? Бюджетти үнөмдөйм деп бир-эки эле адамды кеңешчи кылып алууга болбойт. Себеби ката кетирип алуу толук мүмкүн.

Сапар Исаков жаңы премьер-министр болгондо 9 жаш кеңешчи алган, алардын көбү жогорку окуу жайды жаңы бүтүшкөн эле. Бирок анын иши алга жылган жок, ал эми кеңешчилер өздөрү кеңешке муктаж болушуп, премьердин көңүлү үчүн ич ара чырдашып да кетишти. Мындан улам бизде кеңешчилер институту менен иштешүү салты жана тажрыйба жок экени түшүнүктүү болду.

Эл аралык тажрыйба көрсөткөндөй, кеңешчилер абройлуу жана таасирдүү адистер болуп, турмуштук тажрыйбасы бай болушу зарыл.  Алар жергиликтүү өзгөчөлүктөрдү билип, өлкө, аймак боюнча адистер болсо абдан жакшы болот. Аларды тажрыйбасы жок, жаш жардамчылар менен адаштырып болбойт. Себеби алардын башкы иши – кеңеш берүү эмес, кабыл алынган чечимдерлди, берилген кеңештерди аткаруу. Азыркы аткаруу бийлиги дал ушундай багытта иштеши керек. Президенттик аппарат, андан соң премьер-министр, парламент төрагасы кеңеш гана бере турган кеңешчилер жана аларды аткара турган жардамчылар тобун түзүшү керек. КМШнын башка өлкөлөрүндө дал ушундай тартипте иштешет. Бизде болсо “төңкөрүштөргө” байланыштуу мындай тартип ишке ашпай калды. Өкүнүчтүү.

Редакция макала үчүн жоопкерчилик албайт, автордун пикири редакциянын көз карашын билдирбейт.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.