Криштиану Роналду жаңы рекорд койду

Окуялар тизмеги 29 Янв 2020 19:45
0 ой-пикир

«Ювентус» клубунун чабуулчусу Криштиану Роналду Instagram тармагында 200 миллион катталуучу бар алгачкы адам. Бул тууралуу Sports.ru басылмасы жазып чыкты.

Роналдудан кийин 173 миллион катталуучусу бар америкалык ырчы Ариана Гранде турат. Ал эми үчүнчү орунга 170 катталуучусу менен америкалык актер Дуэйн Жонсон жайгашкан.

Футбол жаатындагы дагы бир жылдыз Лионель Мессиде 141 миллион катталуучусу бар.

Белгилей кетсек, футбол боюнча Италиянын чемпионатында Роналду чабуулчулар тизмегинде 17 голу менен экинчи орунда келе жатат.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.