Президент юстиция органдарын санариптештирүү менен таанышты

Окуялар тизмеги 28 Янв 2020 16:33
0 ой-пикир

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 28-январда, юстиция министри Марат Жаманкуловду кабыл алды. Бул тууралуу Президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Жаманкулов белгилегендей, юридикалык жактарды онлайн каттоо маалыматтык системасы бардык аймактарда пилоттук режимде ишке киргизилген. Сот органдары документтерди карап чыккандан кийин, юридикалык жакты каттоо жөнүндө күбөлүк үч күн ичинде берилет.

2019-жылдын сентябрынан тартып түзүлгөн пробация департаменти толук кандуу иштей баштаганын кошумчалады.

2019-жылы 14 441 кишиге квалификациялуу юридикалык жардам көрсөтүлгөн. Адвокаттардын жардамы менен соттор алгачкы жолу 8 актоо өкүмүн чыгарган.

Эгерде мурда буга бюджеттен 16-20 млн сом бөлүнсө, 2019-жылы адвокаттардын көрсөткөн кызматы үчүн 77 млн сом бөлүнгөн. Калкка кылмыш иштери боюнча гана эмес, жарандык жана административдик иштер боюнча да акысыз юридикалык жардам көрсөтүлүүдө.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.