Мен эч качан барбай каламбы, Гудбай, Америка?

Аналитика, Окуялар тизмеги, Статьялар 28 Янв 2020 08:46
0 ой-пикир

Алмаз Баратов — атайын Elgezit.kg үчүн.

Жакында эле The Wall Street Journal жана Politico басылмалары Дональд Трамптын администрациясындагы булактарына таянып жети өлкө:  Эритрея, Мьянма, Судан, Нигерия, Танзания, Беларусия жана Кыргызстан үчүн виза берүүдө чектөөлөр болорун жарыялады.

Бул маалыматтар АКШга кирүүгө тыюу салган антимигранттык мыйзамдардын үчүнчү жылына карата, 27-январда жарыяланары күтүлүп жатканы жазылды.

Трамптын Америкага мусулман өлкөлөрүнүн жарандарынын кирүүсүнө тыюу салуу тууралуу жарлыгы алгач федералдык сот тарабынан артка кайтарылган. Экинчи жолу 2017-жылдын март айында дагы сот тарабынан четке кагылган. Үчүнчү жолку жарлык 2017-жылдын сентябрь айында чыгып, ал ийгиликтүү болгон. 2018-жылдын июнь айынан тарта Иран, Ливия, Сирия, Сомали, Йемен, Түндүк Корея өлкөлөрүнүн жарандарына жана Венесуэланын саясатчыларына жана аткаминерлерине АКШга кирүүгө чектөө коюлган.

Эми ошол тизмени көбөйтүп, ага КМШга кирген эки өлкөнү: Кыргызстанды жана Беларусияны кошкону жатышат.

Айрымдар бул тизмедеги мамлекеттердин жарандарына Америкага кирүүгө такыр эле тыюу салынат дегенди билдирбей турганын айтышууда. Визалардын айрым түрлөрүнө, мисалы, туристтик жана бизнес визаларына чектөө коюлат жана айрым өлкөлөргө грин-карта лотереясына катышууга тыюу салынат.

Wall Street Journal басылмасынын маалыматына ылайык, өлкөлөрдүн тизмеси толук такталып бүтө элек. Балким, ага дагы 1 же 2 мамлекет кошулушу ыктымал. Ал тизмеге Өзбекстан да илинип калышы толук мүмкүн. Буга 2017-жылы Нью-Йоркто  Хэллоуин учурунда 8 адамдын өмүрүн алган терактты уюштурган Сайфулло Саипов өзбекстандык болгону себеп болушу ыктымал. Ал 2010-жылы грин-карта лотереясынан утушка ээ болгондон кийин Америкага келген.

Балким АКШдагы теракттарга кыргызстандыктардын катышы бар болгондуктан биздин өлкө тизмеге илинип калгандыр. 2013-жылы Бостон марафонунда теракт уюштурган Тамерлан жана Джохар Царнаевдер Кыргызстандын жарандары болгону да буга себеп болушу толук мүмкүн. Эгерде Трамптын администрациясы ушундай принцип менен иштеп жаткан болсо, анда чектөөлөр Беларусияга кандайча тиешеси бар экени түшүнүксүз.

Ошондой эле мындай чараларды “кара тизмеге” кирүү алдында турган өлкөлөрдүн жарандарынын ичинде туристтик виза менен келип, мөөнөтү өтсө дагы өлкөдөн чыкпагандардын саны көп экени менен дагы байланыштырышууда. Бирок мындай көрүнүш Беларусия менен Кыргызстанга тиешеси жок десек болот. Туристтик визаларынын мөөнөтү өткөн беларусиялыктардын саны — 4,1% болсо, кыргызстандыктар — 3,7%. Салыштырып көрө турган болсок, эритреялыктар — 26,46%, нигериялыктар — 15,18%, Судандын жарандары — 12,5%.

Ал эми грин-карта тууралуу айта турган болсок, Кыргызстанда жана Беларусияда мекенинен кетүүнү каалагандар көп, бирок башка өлкөлөргө салыштырмалуу абал кооптонгудай деле эмес. Мисалы, 2018-жылы лотереяга 171 миң 134 Беларусия жараны жана 72 миң 450 кыргызстандыктар катышкан. Ошол эле маалда 2 миллион өзбекстандыктар жана 1,5 миллион Украина жарандары катышышкан.

Трамптын жаңы жарлыгын саясий тараптан карай турган болсок, анда бул жерде да логикага сыйбаган нерселер бар.

Мисалы, Беларусия менен АКШнын мамилелери акыркы убакта бир топ жакшырган. Лукашенко америкалыктарга Беларусияда 30 күн визасыз жүрүүгө уруксат берген. Ошондой эле америкалык дипломаттарга коюлган чектөөлөр да алынган. Айта кетсек, беларусиялыктарга Америка визасы берилбеген учурлар 21,9 болсо, Кыргызстанда бул көрсөткүч 67,7%ды түзөт.

Бул тизмеге Мьянма кандайча илинип калганы дагы түшүнүксүз болууда. Себеби Америка 10 жылга жакын убакыттан бери Мьянманы Кытайдын таасиринен чыгаруу аракетин көрүп келет.

Суданда дагы абал өзгөрдү, ал жакта АКШнын эзелки душманы Омар аль-Башир кызматтан кетти, демек Вашингтон жаңы бийликти колдоп койсо болмок.

Балким Кыргызстанга бул чектөөлөрдүн тиешеси жок болушу мүмкүн. Дегеним, маалымат жыйынында Кыргызстандын тышкы иштер министри Чынгыз Айдарбеков АКШнын элчиси Дональд Лу Кыргызстанга визалык чектөөлөр киргизилет деген маалыматтарды тастыктабаганын билдирди.

Редакция макала үчүн жоопкерчилик албайт, автордун пикири редакциянын көз карашын билдирбейт.

Сүрөт: pixabay.com

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.