Коронавирус Бишкекке жеттиби? Адистин жообу

Окуялар тизмеги 28 Янв 2020 17:25
0 ой-пикир

Коронавируска шек саналган 28 жаштагы Бишкектин тургунунда бул диагноз такталган жок. Бул тууралуу 28-январда Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборунун Бишкектин шаардык башкармалыгынын башкы дарыгери Рыспек Сыдыгалиев билдирди.

Сыдыгалиевдин айтымында, ал жигит апасы менен эс алуудан кийин Таиланддан учуп келген.

«Дене табы көтөрүлүп турган экен. Учактан түшөр замат «Тез жардам» менен Жугуштуу илдеттер ооруканасына алып келишти. Биз өзүбүздүн атайын костюмдарды кийип, бардык тиешелүү иштерди жүргүздүк. Диагноз такталган жок. Консилиум өткөрүп, бир саат ичинде диагнозду четке кагып, башка ооруканага жаткырдык», — деди Бишкектин башкы дарыгери.

Алгач Кытайда катталган коронавирустан, соңку маалыматка караганда, 106 киши көз жумду, ооруп калгандардын саны 4,5 миңден ашты.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.