УКМК: Мас абалында ок чыгарган милиционер үй камагына чыкты

Окуялар тизмеги 27 Янв 2020 11:11
0 ой-пикир

Бишкекте түнкү клубдарынын биринде адамга мас абалында ок чыгарган милиционер үй камагына чыгарылган. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттен (УКМК) билдиришти.

Маалыматка ылайык, буга чейин мас милиционер караоке-барда айтыша кеткен жигиттин башына куралын такап, ок чыгарган. Окуянын видеосу социалдык тармактарда кеңири таркаган.

Окуя 2019-жылдын 22-декабрында саат 4:00дө Live Bar караоке-клубунун жанында болгондугу такталган.

«Э.Ы. аттуу милиция кызматкери Макаров үлгүсүндөгү пистолетин алып чыгып М.С. аттуу жаранды көздөй аткан», — деп айтылат УКМКнын билдирүүсүндө.

25-декабрь күнү УКМК КРдин Жазык кодексинин 266-беренесине («Бейбаштык») ылайык, кылмыш ишин козгогон. 2020-жылдын 13-январында Бишкектин Биринчи Май райондук соту аны эки айга үй камагына чыгарган.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.