Бишкекте түнкү клубдарынын биринде адамга мас абалында ок чыгарган милиционер үй камагына чыгарылган. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттен (УКМК) билдиришти.
Маалыматка ылайык, буга чейин мас милиционер караоке-барда айтыша кеткен жигиттин башына куралын такап, ок чыгарган. Окуянын видеосу социалдык тармактарда кеңири таркаган.
Окуя 2019-жылдын 22-декабрында саат 4:00дө Live Bar караоке-клубунун жанында болгондугу такталган.
«Э.Ы. аттуу милиция кызматкери Макаров үлгүсүндөгү пистолетин алып чыгып М.С. аттуу жаранды көздөй аткан», — деп айтылат УКМКнын билдирүүсүндө.
25-декабрь күнү УКМК КРдин Жазык кодексинин 266-беренесине («Бейбаштык») ылайык, кылмыш ишин козгогон. 2020-жылдын 13-январында Бишкектин Биринчи Май райондук соту аны эки айга үй камагына чыгарган.