Сагынбаев: Акыркы эки жылда Коопсуздук кеңеши ынандыруу ыкмасы менен аракеттенген, эми конкреттүү чараларга өттү

Окуялар тизмеги 25 Янв 2020 09:07
0 ой-пикир

«Акыркы эки жылда Коопсуздук кеңеши ынындыруу ыкмасы менен иш-аракеттерди жүргүзүп, чечимдерди ишке ашыруу зарылдыгын эскертип келген. Акыркы жыйын коррупцияга каршы күрөшүү боюнча сунуштарды эсепке албай келгендерди кызматтан бошотууга чейинки конкреттүү чараларды колдоноорубузду көрсөттү», — деп белгиледи Коопсуздук кеңештин катчысы Дамир Сагынбаев.

Ал Коопсуздук кеңешинин катчылыгы мамлекеттик органдардын жетекчилерин чакырып, тиешелүү чечимдерди ишке ашыруу боюнча конкреттүү сунуштарды берип келгенин белгиледи.

«Коопсуздук кеңешинин жыйынынын жыйынтыгы боюнча айрым чиновниктер кызматтан бошотулат жана тартип жазасын алышат. Коопсуздук кеңешинин чечиминде каралган сунуштамаларды системалуу бузгандыгын уланткан, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынын директору Жолдошбек Жунушевди кызматтан алуу сунушталды», — деп белгиледи Дамир Сагынбаев.

Ал маалымдагандай, төрт кызмат адамына — Социалдык фонддун төрагасы Медер Ирсалиевге, Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин төрагасы Эмил Осмонбетовго, анын эки орун басары — Мырза Жаманбаев жана Карыбек Ибраевге катуу сөгүш жарыялоо сунушталган. Ошондой эле, 30 мамлекеттик органдын жетекчилери тартип жоопкерчилигине тартыларын кошумчалады.

«Коопсуздук кеңеши акыркы эки жылда өзүнүн жыйындарын таптакыр башка форматта өткөрүп жатат, Коопсуздук кеңешинин чечимдери мамлекеттик органдардын акыркы эки жылда эмне иш кылганы тууралуу отчет катары каралды», — деп белгиледи Дамир Сагынбаев.

Ал Коопсуздук кеңешинин чечими менен мамлекеттик органдардын кен пайдалануу тармагында чечимдерди ишке ашыруу боюнча жумушу канааттандырарлык эмес, сот, укук коргоо жана көзөмөл органдарында коррупция менен күрөшүү жана санариптештирүү боюнча иштер жетишсиз деп табылды.

«Коопсуздук кеңешинин кийинки жыйындарында Кыргыз Республикасынын Президентинин тапшырмасы менен саламаттыкты сактоо жана энергетика маселелери каралат. Ошондой эле Коопсуздук кеңешинин Катчылыгы 2020-жылдын 1-июнуна чейин Антикоррупциялык стратегиянын жаңы долбоорун даярдашы керек. Анда бийликтин бардык бутактарынын жана мамлекеттик органдардын коррупция менен натыйжалуу күрөшкө зарыл болгон негизги багыттары жазылат. Заманбап чакырыктар жана коркунучтар бар жана аларга тиешелүү чаралар көрүлүшү керек», — деп сөзүн жыйынтыктады Дамир Сагынбаев.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.