Сооронбай Жээнбеков: Мага сөз тийип жатат, силер болсо былтыйып отурасыңар

Окуялар тизмеги 24 Янв 2020 12:44
0 ой-пикир

Президент Сооронбай Жээнбеков Мамлекеттик каттоо кызматынын мурдагы бөлүм башчысы Насирбек Алмаматов кармалбай жатканы үчүн прокуратура жана соттор күнөөлүү деп эсептейт.

Мындай пикирин мамлекет башчысы 24-январда Коопсуздук кеңешинин жыйынында сүйлөп жатып айтты:

«Коррупцияга шектелип жаткан Алмаматов боюнча соттун биринчи инстанциясында 12 жарым жылга эркинен ажыратылган. Экинчи инстанцияда ал бошотулду. Бул резонанстуу иш болчу. Коомдун бардыгы бул тууралуу айтып жатат. Мен маалымат каражаттарынан көрүп отурам. Коррупцияга каршы күрөшүү кызматы күнү-түнү иштеп, аны кармаган. Прокурор менен сот алып аны бошотуп салды. Бул нерсе мени таң калдырып жатат. Эмне үчүн ал прокурор кызматынан бошотулган жок? Эмне үчүн сот дагы деле иштеп жүрөт? Бул суроого жооп бергиле, коомчулук уксун. Бул нерсени ал прокурор чечкен жок, ага жогорку жактан буйрук берген, ошон үчүн аны кызматтан бошото албай жатасыңар. Коомчулук бул боюнча мени буйрук берди деп ойлоп жатат. Силер болсо эч нерсе болбогондой отурасыңар. Мага сөз тийип жатпайбы! Мен жасагандай, тапшырма бергендей болуп жатат! А силер отурасынар баарыңар, былтыйып! Мына ушинтип элдин мамлекеттик бийликке ишеничи кетет. Көрүүнө жасалып, чара көрбөй жатасаңар. Эмне деген акмакчылык? Өзүңөр аралашсыңар! Башкы прокуратура, сот өзүңөр аралашсыңар, ошондуктан чара көрө албай жатасыңар,» — деди президент.

Эскерте кетсек, Бишкек шаардык унааларды каттоо бөлүмүнүн мурдагы башчысы Насырбек Алмаматов 2018-жылдын 2-ноябрында кармалган. Тергөө билдиргендей, ал унаа каражаттарын каттоо жана кайра каттоодо коррупциялык схема түзгөн. 2019-жылдын март айында райондук сот аны 12,5 жылга эркинен ажыраткан. Бирок, июль айында шаардык сот өкүмдү өзгөртүп, ага 3,3 млн сом айып салып, камактан бошоткон. Кийин Жогорку сот шаардык соттун өкүмүн жокко чыгарып, биринчи инстанциядагы соттун 12,5 жылга эркинен ажыратуу чечимин күчүндө калтырган. Учурда ал издөөгө алынган.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.