Президент: Коопсуздук кеңешинин чечимдери аткарылбай жатат

Окуялар тизмеги 24 Янв 2020 10:56
0 ой-пикир

Коопсуздук кеңешинин чечимдери аткарылбай жатат. Бул тууралуу президент Сооронбай Жээнбеков 24-январда кеңештин кезектеги жыйынында айтты.

Президент буга чейин кабыл алынган чечимдерди аткарууга жетиштүү убакыт берилгенин кошумчалады.

— Чечимдердин аткарылышы белгиленген мөөнөттөн бир нече айга чейин созулуп кеткен. Айрым учурларда ашыкча бюрократия же формалдуу мамиле болууда. Айрым мамлекеттик органдар жергиликтүү жана чет өлкөлүк бизнестин өнүгүшүнө бут тосууну улантып жатышат, — деди Жээнбеков.

Президент Коопсуздук кеңешинин чечимдерин аткарбагандарга жана алардын аткарылышына «соботаж» жасоого аракет кылгандарга карата чара көрүлөрү тууралуу мамлекеттик органдардын жетекчилери кабардар экенин эскертти.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.