ММКФнын 2020-жылга карата бюджети бекитилди

Окуялар тизмеги 23 Янв 2020 09:15
0 ой-пикир

Президент Сооронбай Жээнбеков «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун 2020-жылга бюджети жана 2021-2022-жылдарга божомолу жөнүндө» Мыйзамга кол койду. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.

Мыйзам Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 2019-жылдын 19-декабрында кабыл алынган.

Аталган Мыйзам менен Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун 2020-жылга бюджети кирешелер жана чыгашалар боюнча 16 009,8 млн. сом суммасында бекитилди.

Мыйзам расмий жарыяланууга тийиш жана 2020-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.