Өкмөт мүчөлөрүн дайындоодо гендердик квотаны орнотуу боюнча мыйзам долбоору сунушталды

Окуялар тизмеги 22 Янв 2020 08:09
0 ой-пикир

Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлиги өкмөт мүчөлөрүн дайындоодо гендердик квотаны орнотуу боюнча мыйзам долбоорун коомдук талкууга койду.

Ведомствонун маалыматында, саясий (эркектердин саны аялдардын санынан 7 эсе жогору) жана атайын (1,6 эсе) кызматтардын деӊгээлинде кыйла көбүрөөк теӊдемсиздик байкалып жаткан факты өзүнө көӊүл бурдурбай койбойт. Муниципалдык кызматтардагы саясий кызмат орундарында теӊдемсиздик жогору: 513 кызмат ордуна аялдардын 20 же 3,8%ы гана аралашат.

Мыйзам долбоорунда төмөкүдөй норманы жазуу сунушталат: Премьер-министрдин кызмат ордуна талапкер бир жыныстагы адамдарынын 70 пайыздан ашпаган өкүлчүлүгүн эске алуу менен өкмөттүн курамын, түзүмүн жана программасын Жогорку Кеңешке киргизет.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.