Жеңиш Разаков: Отставкамды талап кылган митинг акча менен уюштурулган

Окуялар тизмеги 21 Янв 2020 16:44
0 ой-пикир

Чек ара маселесине байлануштуу 13, 15- январда өткөн митингдер акча менен уюштурулган. Бул тууралуу Мамлекеттик чек арасын делимитациялоо, демаркациялоо жана чек аралык аймактарды өнүктүрүү маселелерин координациялаган вице-премьер-министр Жеңиш Разаков билдирди.

«Менин жеке оюмда, алар акча менен чыгарылган адамдар, — деди ал. — Эгер «кимдин адамы көп» десеңер мен да адамдарымды чыгарып көрөйүн. Баткенди көтөрөйүн, анда биз элди көтөрүп эле жүрө берели. Мен мамлекеттик кызматкермин, мага андай болбойт» — деди Разаков.

Эске сала кетсек, кыргыз-тажик чек арасындагы чырга байланыштуу жергиликтүү төрт тургун «Массалык башаламандык» жана «Ээнбаштык» беренелери боюнча шек саналып 11-январда кармалган. Кадамжай райондук соту 13-январда аларды бир айга камакка алып, кийин экөөнү үй камагына чыгарган.

Камакка алынгандарды бошотуу боюнча 13-январда митинг өткөн.  15-январда митинг кайталанып, акциянын катышуучулары Жеңиш Разаковдун кызматтан кетишин талап кылышкан.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.