Ак үй алдында чек арага байланыштуу пикет өттү

Окуялар тизмеги, Өлкө 13 Янв 2020 13:16
0 ой-пикир

Ак үйдүн алдында кыргыз-тажик чек арасындагы чырга байланыштуу нааразылык акциясы өттү.

Акциянын катышуучулары буга чейин чагымчылдыкка айыпталып кармалган төрт баланы чыгарууну талап кылышты. Алардын айтымында, укук коргоо органдары жергиликтүү тургундарды камоо менен Баткенде жашаган элге моралдык басым кылып жатышат.

Митингчилердин алдына Жогорку Кеңештин депутаты Таабалды Тиллаев чыгып, талаптарын укту.

Эске сала кетсек, кыргыз-тажик чек арасындагы чырда чагымчылдык кылган жарандар кармалгандыгын өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Акрам Мадумаров билдирген.

Анын айтымы боюнча, Баткен облусунун Көк-Сай айылынын төрт тургунуна чагымчылдык кылган деген кине коюлган. Учурда укук-коргоо органдары тарабынан кармалгандар боюнча тергөө иштери жүрүүдө.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.