Чек ара боюнча пикетке чыккандар Жеңиш Разаковдун отставкасын талап кылышты

Окуялар тизмеги 15 Янв 2020 12:56
0 ой-пикир

Бүгүн, 15-январда Ак үйдүн алдында кыргыз-тажик чек арасы боюнча маселени чечүү жана Баткенде чек ара чырына байланыштуу камакка алынган Көк-Таш айылынын төрт тургунун бошотуу  талабы менен нааразылык акциясы өттү.

«Чек ара» коомдук бирикмесинин мүчөсү Бекназар Айталиев акцияга чыккандар бийликке алты талап коюп жатышканын билдирди.

«Президент чек ара маселесин көтөрүп жер-жерден келген жарандарды кабыл алсын. Баткенде жалган жалаа менен кармалган төрт киши тез арада бошотулсун. Чек арага жакын жашаган элди коргоо үчүн элдик кошуундар түзүлсүн. Чек арачылар кошумча техника менен камсыздалып, саны көбөйтүлсүн. Дагы бир талабыбыз — вице-премьер-министр Жеңиш Разаков кызматтан кетсин», — деди Айталиев.

Эске сала кетсек, кыргыз-тажик чек арасындагы чырга байланыштуу жергиликтүү төрт тургун «Массалык башаламандык» жана «Ээнбаштык» беренелери боюнча шек саналып 11-январда кармалган. Кадамжай райондук соту 13-январда аларды бир айга камакка алган.

Камакка алынгандарды бошотуу боюнча буга чейин митинг өткөн. Акциянын катышуучулары укук коргоо органдары жергиликтүү тургундарды камоо менен Баткенде жашаган элге моралдык басым кылып жатышкандыгын айтышкан.

Кыргызстан менен Тажикстандын жалпы чек арасы бир миң чакырымга жакын аралыкты түзүп, анын 60% эки тараптуу такталган. Талаштуу экени айтылып жаткан 40% жакын чек арада 70тей талаштуу участок бар. Такталбай калган аймактар калк жайгашкан айылдарга туура келет.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.