Сапар Исаковдун жактоочулары Конституциялык палатага кайрылышты

Окуялар тизмеги 21 Янв 2020 09:02
0 ой-пикир

Мурунку өкмөт башчы Сапар Исаковдун жактоочулары Конституциялык палатага кайрылышты. Бул тууралуу 24.kg маалымат агенттиги жазып чыкты.

Маалыматка караганда жактоочу Замир Жоошев Бишкек шаардык сотунда ЖЭБди модернизациялоо тууралуу кылмыш иши боюнча айыпталгандардын жактоочуларынын аппеляциялык арызы каралып жатканда айткан. 

Юристтин айтымында, айыпталуучулардын камактагы мөөнөтүн узартууга жол бергендик, Жазык-процессуалдык кодекстин негизиги мыйзамына дал келбейт. Тергөө абагында соттун жүйөөсү жок бир жылдан ашуун кармалышы- конституциялык принциптерди бузат. Ал соттон кайрылууну Конституциялык палатага жолдоону жана кылмыш иши боюнча кароону токтотууну суранды.

Эске салсак, мурунку өкмөт башчы Сапар Исаков 15 жылга эркинен ажыратылды. Улуттук энергохолдингдин мурунку башчысы Айбек Калиев, мурунку өкмөт башчы Жантөрө Сатыбалдиев жана «Электрдик станциялар» ААКнын мурунку башчысы Салайдин Авазов ар кандай мөөнөткө эркинен ажыратылды.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.