Калкты каттоого 25 миңге жакын адам тартылат

Окуялар тизмеги 21 Янв 2020 18:34
0 ой-пикир

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 21-январда, Улуттук статистика комитетинин төрагасы Акылбек Султановду кабыл алды. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмүнөн билдиришти.

Учурдагы ишмердүүлүк, улуттук статистика системасын өркүндөтүү чаралары жана жакынкы келечекке карата артыкчылыктуу пландар жөнүндө маалымат берилди.

Акылбек Султанов ошондой эле КМШ мамлекет башчыларынын Кеңешинин «КМШ мамлекеттеринде 2020-жылдын раундунун калкты каттоону жүргүзүү жөнүндө» чечиминин алкагында калкты каттоого даярдыктар жөнүндө айтып берди. Кыргызстанда калкты каттоо 23-марттан 1-апрелге чейин, алыскы аймактарда 20-апрелден 29-апрелге чейин жүргүзүлөт.

Улуттук статистика комитетинин төрагасы калкты каттоо толугу менен электрондук форматта мобилдик тиркеменин жардамы менен өткөрүлүп, Дүйнөлүк банк тарабынан иштелип чыккан «Survey Solutions» программасы колдонуларын кошумчалады.

Тестирлөө максатында калкты кагаз жана электрондук түрдө каттоо пилоттук тартипте үч жолу Токмок шаарында жана Чүй областынын Чүй районунда, Ысык-Көл областынын Ысык-Көл районунун Кум-Бел айыл аймагында жана Ош шаарында жүргүзүлгөн.

Пилоттук каттоо жүргүзүү учурунда анын электрондук форматта жүргүзүлүшүнүн башкы артыкчылыктары аныкталган — чогулуп жаткан маалыматтардын сапатынын жогорулашы, аларды иштетүү мөөнөтүнүн кыйла кыскарышы, каттоонун жүрүшүн реалдуу мезгилде көрүү мүмкүнчүлүгү.

Акылбек Султанов даярдыктарды көрүү жана маалыматтарды чогултуу, аларды иштеп чыгуу, өлкөнүн калкын жана турак жай фондун каттоонун жыйынтыктарын алуу учурунда мобилдик жана интернет байланышы менен камсыздалган 25 миңге жакын адам бул ишке тартыларын белгиледи. Жалпысынан Кыргызстандын аймагында 500дөн ашуун каттоо бөлүмдөрү жана 4 миңге жакын инструктордук участкалар ачылат.

Президент Сооронбай Жээнбеков калк жөнүндө маалыматтарды жыйноо жана алынган маалыматтарды иштеп чыгууну сапаттуу жүргүзүү зарылдыгын баса белгиледи. Калкты каттоо өлкөнүн жарандарынын социалдык-экономикалык чыныгы абалын көрүүгө, ар кандай багыттарда мамлекеттик саясатты ишке ашырууда баа берип, кемчиликтерди аныктоо мүмкүнчүлүгүн берерин белгиледи.

Маалыматтарды чогултууда алдыңкы санарип технологияларын колдонуу маалыматтардын максималдуу коопсуздугун камсыздоо менен айкалышы керектигин баса белгиледи. Ошондой эле калк арасында түшүндүрүү иштерин күчөтүү керек.

Президент Сооронбай Жээнбеков статистикалык маалыматтарды чогултууну жана иштеп чыгууну толугу менен электрондук форматка өткөрүүнү камсыз кылуу зарылдыгына дагы бир жолу токтолду. Ошондой эле өлкөнүн аймактарынын социалдык-экономикалык абалы боюнча актуалдуу статистикалык маалыматтарды түзүү иштерин күчөтүү керектигин баса белгиледи.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.