Саймаитинин өлүмү: парламенттик комиссия өз ишин баштады

Окуялар тизмеги 21 Янв 2020 15:17
0 ой-пикир

Бүгүн, 21-январда ишкер Айеркен Саймаитинин өлүмүнүн чоо-жайын иликтөө боюнча түзүлгөн парламенттик комиссиянын биринчи жыйыны болду. Жыйында Улуттук банктын төрагасы Толкунбек Абдыгулов жана Финансылык чалгын кызматынын төрагасы Гүламжан Анарбаев маалымат беришти.

Улуттук банктын жетекчисинин айтымында, 2012-жылдан 2018-жылга чейин Финансылык чалгындоо кызматына жана Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматына (Финансы полициясы) шек жараткан банктык операциялар тууралуу 16 ирет маалымат берилген. Саймаити менен «Абдыраз» фирмасы көрсөтүлгөн маалымат 14-дө болгондугун Абдыгулов ырастады.

Ал эми Финчалгындоонун башчысы Гуламжан Анарбаев Айеркен Саймаити жана «Абдыраз» ишканасы тарабынан чет өлкөлөргө чоң суммада акча которулуп жатканы боюнча Ички иштер министрлигине (ИИМ) 2014-жылдын 30-июнь күнү эле маалымат берилгенин айтты.

Анын сөзүнө караганда, 2016-жылдын 12-августунда бул материалдарды дагы толуктап, текшериш үчүн Финансы полициясына берген. Бирок ушул эле жылдын 16-ноябрында Финпол иш козгоодон баш тарткан.

Кийин жалпыга маалымдоо каражаттарында чуу болуп, 2019-жылы «Азаттыкка» иликтөөлөр чыккандан кийин премьер-министрден жана Финполдон бизге ушул маалыматтарды кайра иликтөө боюнча кат келди. Биз 2019-жылдын 26-июнунда кайра ошол материалдарды Финполго бердик. Ошонун негизинде Айеркен Саймаити 2 млрд. 602 миң сом, ал эми «Абдыраз» ишканасы 3 млрд. 810 млн. кошумча салык төлөсүн деген чечим чыккан. Бул кылмыш иши УКМКга өткөндөн кийин материалдарды кайра жаңылап өткөрүп бердик, — деди Анарбаев.

Эске сала кетсек, Жогорку Кеңеш уйгур улутундагы кытай ишкери Айеркен Саймаитинин өлүмүнө байланыштуу 2019-жылдын 21-ноябрында убактылуу депутаттык комиссия түзгөн. Ага парламенттеги алты фракциядан 12 депутат мүчө болуп кирген.

Кыргызстандын бажысындагы коррупциялык схема боюнча журналисттерге маалыматтарды жана жүздөгөн документтерди берген Айеркен Саймаити 10-ноябрда Стамбулдагы мейманканалардын биринин кафесинде отурган жеринен атып өлтүрүлгөн. 

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.