Журналист Турсунбек Бейшенбеков абакка алынды

Окуялар тизмеги 20 Янв 2020 16:27
0 ой-пикир

Chyndyk.kg сайтынын редактору, журналист Турсунбек Бейшенбеков 20-январда Аскер прокуратурасына сурак бергени чакырылып, андан ары убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Бул тууралуу анын адвокаты Чынара Жакупбековага шилтеме менен «Азаттык» билдирди.

Турсунбек Бейшенбеков Аскер прокуратурасына 16-январда 1,5 саат сурак берип чыккан. Анын сөзү боюнча, бул журналисттик ишмердүүлүгүнө байланыштуу болуп жатат. Бейшенбеков 16-январдагы сурактан кийин сотко чейинки өндүрүш ишинин маалыматтарын ачыкка чыгарбоо тууралуу тилкатка кол коюп бергенин айтып, так кайсы иш боюнча жана кимдин арызынын негизинде суралганын ачык айткан эмес. Айрым маалымат каражаттары Бейшенбеков ички иштер министринин мурдагы орун басары Курсан Асановдун иши боюнча суралып жатканын жазып чыгышкан.

Аскер прокуратурасы журналисттин суракка алынуусу боюнча маалымат бере элек.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.