Матраимовдордун үй-бүлөсү жаңы адвокат жалдады

Окуялар тизмеги 20 Янв 2020 14:41
0 ой-пикир

Бүгүн, 20-январда Свердлов райондук сотунда Матраимовдордун үч басылмага берген доо арызы боюнча соттук отурум өттү.

Сотто судья Жылдыз Ибраимова төрагалык кылууда.

Судья медиация ыкмасын эске салып, тараптарды элдешип алууга чакырды. Арыздануучулардын жакточуулары медиалар материалдарын төгүндөөгө берсе гана арызын кайтарып алышарын айтышты.

24. kg агенттиги материалды көчүрүп баскандыгын айтып, анын адвокаттары бул ишти медиация ыкмасы менен чечүү мүмкүнчүлүгүн четке каккан жок. «Азаттык» жана «Клооп» медиалары материалды төгүндөөгө барбай тургандыгын билдиришти.

Жыйынтыгында тараптар маселени тынчтык жолу менен чечүүнү макулдашты. Бул үчүн убакыт суралды. Сот тараптардын пикирин угуп, кийинки отурумду 29-январга жылдырды.

Белгилей кетсек , Матраимовдордун үй-бүлөсү жаңы адвокат — Азиз Канатбекти жалдаган. Ал 16-январда премьер-министрдин буйругу менен Жогорку аттестациялык комиссиясынын төрагасынын орун басары кызматынан бошотулган эле.

Азиз Канатбек буга чейин «Ата-Мекен» партиясынын лидери Өмүрбек Текебаевдин да кызыкчылыгын коргогон.

Эске сала кетсек, Матраимовдордун үй-бүлөсү «Азаттык» радиосун, кабарчы Али Токтакуновду, Kloop.kg жана 24.kg сайттарын 9-декабрда сотко берип, жалпы өлчөмү 60 миллион сомдук доо койгон.

Аталган маалымат каражаттары «Матраимовдордун кадыр-баркына доо кетиргени» белгиленип, моралдык чыгым өндүрүү жөнүндө талап коюлган. Анын негизинде Бишкектин Свердлов райондук соту басылмалардын банк эсептерин камакка койгон. Кийинчерээк Матраимовдордун адвокатынын арызынын негизинде эсептер кайра камактан чыгарылган.

Алгачкы сот отуруму 19-декабрда өткөн.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.