Дин айымдардын ишкердиги үчүн тоскоолдук эмес

Окуялар тизмеги, Статьялар 18 Янв 2020 16:35
0 ой-пикир

Диний коомдордогу ишкер айымдарга болгон мамиле бирдей эмес жана кѳп учурда бири-бирине каршы келет. Мындай мамиле толук макулдуктан ачык эле сынга алууга чейин. Бирок, ѳлкѳнүн гүлдѳп, ѳнүгүүсү үчүн аялдардын бизнес аренага чыгуусу – экономикалык түрткү болуп саналат. Ал эми Кыргызстандын коомундагы ѳнүгүп келе жаткан диний плюрализм – бул мамлекетти чыӊдоого кѳмѳктѳшкѳн тенденция.

Бул макаланын түп нускасы Cabar.asia аналитикалык порталында жарык көргөн.

Айжаным Жунушалиева – кофейнянын негиздѳѳчүсү, жетекчиси жана кызматкери. Кофе ичүүчү жай Бишкектеги башка ондогон кофейнялардан ѳзгѳчѳлѳнүп турат. Чоӊ кыз кофейня менен китеп саткан дүкѳндү бир жерге уюштурган. Анын айтымы боюнча, башкы максаты – китептерди окуу, сабактарын даярдоо үчүн ыӊгайлуу жайды түзүп берүү аркылуу студенттер менен мектеп окуучуларына жардам берүү болчу.

Жоолук салынган кыздар ѳз динин тутуп, ченемдер менен ырым-жырымдарды сактоо менен ийгиликтерге жетише алат

Айжаным жакында эле университетти аяктаган, бир нече чет тилин билет жана окуусун чет ѳлкѳдѳ улантууну пландоодо. Жеке ишин ачканга чейин бизнес менен алектенген хиджабчан кызды эл кандай кабыл ала тургандыгына байланыштуу кээ бир кооптонуулар болгон. Бирок, иш жүзүндѳ бир диндеги мусулмандар жана башка диндин жактоочулары мында эч кандай жаман нерсе кѳрбѳй тургандыгы белгилүү болду.

Photo: CABAR.asia

«Жеке мисалым менен жоолук салынган кыздар дагы ѳз динин тутуп, ченемдер менен ырым-жырымдарды сактоо менен социумдан, жаман кѳз караштардан коркпостон, ийгиликтерге жетеше аларын кѳрсѳткүм келди», – дейт Айжаным.

Жакын адамдардын колдоосу жок мындай ийгиликке жетүү кыйынга турмак. Айжанымдын атасы диний себептерден улам кыздарды элден чыгарып коюу – таптакыр туура эмес экендигин белгилейт. Тескерисинче, ал кызына жеке ишин ачууга багыт берген.

«Туура жолду ачып берүү абдан маанилүү, элге пайдасы тийген туура ишти кѳрсѳтүү зарыл», – деп белгилейт атасы Жыргылбек Жунушалиев.

Кофейня мечит турган жолдун аркы бетинде жайгашкан. Жакын эле жерде Айжанымдын апасы иштеген дүкѳн да бар. Дүкѳндѳ мусулмандар үчүн кийим-кечелер менен ар түрдүү аксессуарлар сатылат. Аида Исембаева жыйырма жашынан бери чакан жана орто бизнес чѳйрѳсүндѳ. Динге дароо эле кирген эмес. Динге берилген мусулман, ошол эле учурда ишкер айым болууга да жетише алган. Ал аял киши иштесе, анын билими андан дагы кеӊейип, ѳзуӊо болгон ишеними жогорулай тургандыгын белгилейт.

«Динибиз тескерисинче, баарыбыз билим алышыбыз, иштешибиз, жашап жаткан мезгилге жараша мыкты нерселерди түзүшүбүз керек экендигин айтат», – дейт Исембаева.

Анын айтымында, мыкты ишкерди адамдын мүнѳзү менен моралдык принциптери калыптандырат. Кайсы динде экендиги маанилүү эмес, эӊ негизгиси – мамлекеттин мыйзамдарына баш ийүү жана кардарларга чынчыл мамиле кылуу.

Аял кишинин кам кѳрүүсү менен заманбап гүл ѳстүрүү иши

Кыргызстандагы Бахаилер коомунун ѳкүлү Лидия Зейналованын гүл ѳстүрүү боюнча чакан бизнеси бар. Ал үйдѳ ѳсүүчү гүлдѳрдү профессионалдуу ѳстүрѳт, муну менен бирге эстетикага да кѳп кѳӊүл бѳлѳт. Ѳсүмдүктүн, карапанын жана башка элементтердин креативдүү айкалышы мына ушундай укмуштуу жана кызыктуу фигураларды жаратат.

Photo: CABAR.asia

Лидия жѳн гана гүл ѳстүрүүчү эмес. Ал ѳзүнүн ѳнѳрү жана ландшафт дизайнынын сырлары менен бѳлүшкѳн видеоблог да жүргүзѳт. Жаш кезиндеги кызыгуусу болгон гүлдѳр бүтүндѳй жашоосунун маӊызына айланган.

Лидия Зейналова диний ѳзгѳчѳлүктѳрү боюнча да, гендердик ѳзгѳчѳлүктѳрү боюнча дагы жеке ишкердигин жүргүзүүдѳ эч кандай тоскоолдукка учурабагандыгын айтат. Негизи эле ишкерлерди динге ишенгендер жана атеисттер, аялдар жана эркектер деп бѳлүүдѳн алыс экендигин белгилейт. Бул жерде эӊ башкысы – адамдын эмгеги коомго пайда алып келүүгѳ тийиш.

«Менин оюм боюнча, коомдун кайсы бир бѳлүгү аял киши үйдѳ отурууга тийиш деп эсептеген учурда деле, аял киши ар дайым коомго пайда алып келгиси келет. Маховик, башкача айтканда тарыхтын дѳнгѳлѳгү ушундай. Аял кишиге коом тарабынан суроо-талап жогору болсо, бул анын үй-бүлѳсү үчүн дагы маанилүү», – деп эсептейт Зейналова.

Анын үй-бүлѳсүндѳ да бардык аялдар активдүү эмгектенишет. Лидиянын кызы Тамила ѳзүнүн кѳркѳм ѳнѳрканасында оригиналдуу белектерге келип түшкѳн тапшырыктарды жасайт. Ал кол менен жасалган самындарды даярдап чыгат.

«Чыгармачылык менен мен кеӊири мааниде алектенсем керек. Кийизден картиналарды жаратам, тартам десем да болот. Себеби, бул панно эмес, кѳркѳм баалуулукка ээ картиналар деп эсептейм. Учурда самын жасоо менен алектенип жатам», – дейт Тамила Зейналова.

Эч кайсы динде бирѳѳнүн мойнуна отуруу туура кѳрүлбѳйт, себеби сенин эч нерсе кылгыӊ келбейт

Анын айтуусу боюнча, бахаи динин жолдоочу жана ишкер болуу – бул жерде чоӊ жоопкерчилик бар. Тамиланын ишеними боюнча, бахаизмдин принциптеринин бири – жеке моралдык принциптерин жогору сактоо. Демек, ишкердикти ак ниеттүү жана толук кайтарым менен жүргүзүү зарыл.

«Менин эмгегимде дүйнѳнү жакшыртуу максаты да бар. Бирок мен ѳзүмдүн жыргалчылыгымды да мыктылоону кѳздѳйм. Ошондуктан буга тыюу салынган эмес, тескерисинче колдоого алынат. Эч кайсы динде бирѳѳнүн мойнуна отуруу же кайыр суроо туура кѳрүлбѳйт. Себеби, сенин эч нерсе кылгыӊ келбейт», – дейт ал.

Туура эмес кѳз карашсыз медицина

Христиан дининин ѳкүлү Татьяна Ни – жеке менчик стоматологиялык клиниканын башкы дарыгери жана негиздѳѳчүсү. Ал 10 жыл мурун Германиядагы аны менен бир динди туткан жарандар күтүүсүздѳн стоматология ачууга инвестиция сунуштаганын айтат. Бүгүнкү күндѳ бул клиника Бишкектеги суроо-талап жогору клиникалардын катарына кирет.

Photo: CABAR.asia

«Эгер сен аракет кылсаӊ, колуӊан келген бардык күчүӊдү, талантыӊды, каалооӊду жумшап, эл үчүн пайда алып келүүнү чын ниетиӊ менен кѳздѳсѳӊ, анда бул максат сен күткѳндѳн жүз эселеп ишке ашат. Менин жашоомдо да дал ушундай болду», – дейт ал.

Анын айтымында, клиникада бардык кардарлар динине карабастан кесипкѳй жардам ала алат. Ал эми ѳзүнүкү менен кээ бир кардарлардын кѳз караштары жана ишенимдериндеги ѳзгѳчѳлүктѳр эч кандай кѳйгѳй жаратпайт.

«Кээ бир конфессиялардын лидерлери башыма бир нерсе салып алуумду талап кылган учурлар болгон. Бул мен үчүн кыйын эмес, башыма чепчик кийип алам. Бирок, мен динге ишенген аялдарга болгон сыяктуу олуттуу кысымга кабылган эмесмин. Мен Кудайга ишенем деп ишенимдүү жана оӊой эле айта алам», – деп белгилейт Татьяна Ни.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.