Жалал-Абад: 10 мектепте “Электрондук күндөлүк системасы” иштөөдө

Окуялар тизмеги 16 Янв 2020 12:58
0 ой-пикир

Жалал-Абад шаарында пилоттук түрдө киргизилген 10 мектепте “Электрондук күндөлүк системасы” иштөөдө. Бул тууралуу Жалал-Абад шаардык мэриясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, электрондук күндөлүктүн жардамы менен ата-энелер балдарынын мектепке келген убагынан тарта сабакка катышуусун, предметтик бааларын жана окуудагы жетишкендиктерине онлайн формат аркылуу маалым болуп турушат.

Бул демилге “Аймактарды өнүктүрүү жана өлкөнү санатиптештирүү” жылынын алкагында өткөн жылдын ноябрь айынан тарта иштей баштаган. Анын алкагында мугалимдер менен ата-энелердин ортосунда маалымат алмашууну ылдамдатуу максаты көздөлгөн.

Окуу процессин электрондоштуруу менен мугалимдердин, окуучулардын жана ата-энелердин мектептердеги билим сапатын жогорулатуудагы жоопкерчилигин бирдей шартта күчөтүлүүсү күтүлүүдө.

Эске салсак, “Электрондук күндөлүк” системасы пилоттук түрдө өлкөнүн 40 мектебинде иштеп жатат. Алардын катарында Жалал-Абад шаарында жайгашкан 10 мектеп да бар.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.