2019-жылдын 11 айында Кыргызстанда орточо айлык маяна 16 миң 586 сомду түздү. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети билдирди.
Маалыматка ылайык, орточо маяна 2018-жылдын ошол эле мезгилине караганда 5,3%га өскөн.
«Орточо айлык маянанын артышы курулуш тармагында иштегендерде 11,9%, илим жана техника ишмердиги – 11,2%, мейманкана жана ресторан ишмердиги – 10,2%, кен казып алуу тармагында 10,1% болгон», — деп айтылат маалыматта.