Коопсуздук Кеңеши: Шаар куруу жана архитектура чөйрөлөрүндө коррупциялык тобокелдиктер бар

Окуялар тизмеги, Өлкө 15 Янв 2020 08:58
0 ой-пикир

Коопсуздук Кеңешинин катчылыгы архитектура жана курулуш чөйрөлөрүндө «Бирдиктүү терезени» киргизүүнү тездетүү маселесин карады. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.

Кеңешмеге тийиштүү мамлекеттик жана муниципалдык органдардын, бул ишке тартылган ишканалардын, ошондой эле инженердик кызматтардын жетекчилери жана өкүлдөрү катышты.

Коопсуздук Кеңешинин катчысы Дамир Сагынбаев Архитектура, курулуш жана коммуналдык-чарба мамлекеттик агентчилигинин ишмердигине «Бирдиктүү терезе» принцибин киргизүү боюнча сунуштар берилгенин эскертти.

Бул сунуштарды ишке ашыруунун алкагында, тагыраак айтканда, уруксат берүүчү документтерди алууга кайрылууларды берүүнүн жана кароонун мөөнөтүн кыскартуу, курулуш чөйрөсүндө, анын ичинде курулуш тармагынын инвесторлору үчүн уруксат берүүчү жол-жоболорду жеңилдетүү боюнча кээ бир оң натыйжаларга жетишилгени айтылды.

Ошону менен бирге Дамир Сагынбаев Мамкурулуштун ишмердигине «Бирдиктүү терезе» принцибин киргизүүнүн жүрүшүндө айрым мамлекеттик органдар, тийиштүү ишканалар жана кызматтар тарабынан бул программаны киргизүү негизсиз создуктурулуп жатканын, бул коомчулуктун жана бизнес өкүлдөрүнүн сынына кабылып жатканын кошумчалады.

Ушуга байланыштуу Коопсуздук Кеңешинин катчысы шаар куруу жана архитектура чөйрөлөрүндө коррупциялык тобокелдиктер дагы эле бар экенин белгиледи.

Кеңешменин жыйынтыгы боюнча Коопсуздук Кеңешинин катчысы Дамир Сагынбаев Мамкурулуштун ишмердигинде «Бирдиктүү терезенин» натыйжалуу иштөөсү үчүн төмөнкү маселелерди ыкчам чечүүнү сунуш кылды:

— ГКПЭН Бишкек, Ош жана башка шаарлардын мэрликтери менен бирге инженердик камсыздоо тармактарынын кубаттуулуктарынын интерактивдүү картасын иштеп чыксын жана жер-жерлердеги архитектура органдарына өткөрүп берсин;

— Мамкурулуштун ишканалары көрсөтүп жаткан кызматтарды санариптештирүү процессин улантсын;

— Бишкек шаарынын мэрлигинин Жер ресурстары башкармалыгы, ошондой эле башка шаарлардын ушул сыяктуу түзүмдөрү шаар куруу документтерин (деталдаштыруу менен пландоо долбоорун (ПДП), курулуш долбоорлорун) иштеп чыгууну кыска мөөнөттө аяктасын;

— Мамкурулуш электрондук шаар куруу кадастрын ишке киргизсин.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.