Сабырбек Жумабеков Фанченган шаарынын мэринин кеңешчиси болду

Окуялар тизмеги 14 Янв 2020 15:06
0 ой-пикир

Травматология жана ортопедия илим изилдөө борборунун жетекчиси Сабырбек Жумабековду Кытай Эл Республикасынын Фанченган шаарынын мэринин кеңешчиси болуп дайындады. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Жумабеков 4-12- январь аралыгында Кытайга болгон сапарынын алкагында Фанченган университетинин ооруканасында тизе муундарынын патологиялары боюнча мастер класс өткөргөн.

Кытайдын лидери Си Цзиньпиндин буйругу менен Фанченган шаарында заманбап технологиялар менен жабдылган 2000 орунду медициналык борбор курулмакчы.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.