Момбеков: Өкмөттү отставкага кетиргенге толук негиз бар

Окуялар тизмеги 13 Янв 2020 16:53
0 ой-пикир

Жогорку Кеңештин депутаты Рыскелди Момбеков чек ара маселесин чече албаганы үчүн өкмөттү отставкага кетириш керек деп эсептейт. Ал бул тууралуу КСДП фракциянын басма сөз кызматындагы видеомаегинде айтты.

— Эки жылдан бери эки метр жер чечилген жок. Эми 14-январда дагы жолугушуу болот экен. Чек араны делимитация жана демаркация кылуу иши токтоп турат. Сентябрда чоң чыр чыккан. Ошондо өкмөт башчы Жогорку Кеңешке ынанымдуу келип «маселени кабыргасынан койдук, тажик тарап да макул болду. Эми иш башталат» деп айткан. Кана эми, иш башталганы? Чек ара маселесин чече албаганы үчүн өкмөттү кызматтан кетиргенге толук негиз бар. Ушуну менин кызматташтарым кабыргасынан койбой жатат, — деди Момбеков.

Эске сала кетсек, 10-январга оогон түндө Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасында чатак чыгып, тажик айылы тараптан кыргыз тарапка туш келди ок атылганы кабарланган.

Кыргызстандын Мамлекеттик чек ара кызматы Тажикстан тараптан майда калибрлүү мергенчилик куралдан ок атылганын маалымдап, жоопкерчиликти коңшу өлкөгө жүктөдү.

Тышкы иштер министрлиги Тажикстандын элчилигинин өкүлүн чакырып, нааразылык нотасын тапшырды.

Ал эми Тажикстандын Улуттук коопсуздук комитетинин Чек ара кызматы жаңжалга кыргыз жарандарынын аракети түрткү болгонун билдирген маалымат таратты.​ Ал маалыматты кыргыз чек арачылары толугу менен четке кагышты.

Бул окуядан соң 10-январда эки өлкөнүн премьер-министрлери жана президенттери телефон аркылуу сүйлөшүп, кырдаалды жөнгө салуунун жолдорун талкуулашкан.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.