Акрам Мадумаров: Чек арадагы чырда чагымчылдык кылган жарандар кармалды

Окуялар тизмеги 13 Янв 2020 11:35
0 ой-пикир

Кыргыз-тажик чек арасындагы чырда чагымчылдык кылган жарандар кармалды. Бул тууралуу өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Акрам Мадумаров билдирди.

Анын айтымы боюнча, Баткен облусунун Көк-Сай айылынын төрт тургунуна чагымчылдык кылган деген кине коюлган. Учурда укук-коргоо органдары тарабынан кармалгандар боюнча тергөө иштери жүрүүдө.

“Азыр чек арада абал туруктуу. Күчөтүлгөн тартипке өткөрүлгөн күзөт уланууда, бирок жакында алынат”, — дейт ал.

Мадумаров кошумчалагандай, эртең, 14-январда эки өлкөнүн вице-премьер-министрлер деңгээлинде жолугушуу өтүп, ага күч органдарынын жетекчилери да катышат.

Эскерте кетсек, 2020-жылдын 10-январга караган түнү кыргыз-тажик чек арасында болгон окуяны Кыргызстандын жарандарынын эки унаасына жана үйүнө таш ыргыткан, үч саат боюнча Кыргызстандын чек ара аймагына ок аткылаган Тажикстандын жарандары чыгарган. Буга байланыштуу, кыргыз тарап аялдар менен балдарды ок чыккан жерден алып кетүүгө аргасыз болгон.

Кечээ, алар үйлорүнө кайтышкан.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.