Сагынбек Абдрахманов: Кодуранова менен Карамушкина камалат

Окуялар тизмеги 12 Янв 2020 10:17
0 ой-пикир

«Атамбаевсиз КСДП» кыймылын жетектеп келип, аны мыйзамдаштырып, КСДП партиясына төрага болгон Сагынбек Абдрахманов мурдагы партиялаштары ЖК депутаттары Асел Кодуранова менен Ирина Карамушкинанын жакында камаларын айтып чыкты. Бул жөнүндө ал Kyrgyztoday.kg сайтына берген маегинде маалымдаган.

“Үй камагындагы ЖК депутаттары А.Кодуранова менен И.Карамушкинанын жакында кезектеги сот отуруму болот, алардын тагдыры кандай жакка чечилет деп ойлойсуз?” – деген суроону Абдрахмановго узатышкан.

“Кодуранова менен Карамушкина камалат. Анткени алар депутаттыкка баратып, Конститутцияны оң колу менен кармап, ант беришкен. Антын аткарышкан жок да, Конституцияга каршы иштешти, бийликти күч менен басып алууга аракеттеништи, ошондуктан соттолушат”, – деп жооп берген Сагынбек Абдрахманов.

Ошондой эле ал жакында арада партиянын конференциясы өтөөрүн кошумчалаган.

Булак: Kyrgyztoday.kg

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.