Кыргызстандык зыяратчылардын кийимине сынак жарыяланды

Окуялар тизмеги 11 Янв 2020 10:05
0 ой-пикир

Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы зыяратчылар үчүн кийим тигүүгө сынак жарыялады. Бул тууралуу Муфтияттан билдиришти.

Ага ылайык, арыздар үстүбүздөгү жылдын 27-январына чейин кабыл алынат. Конкурс 30-январда муфтияттын имаратында саат 09:00дө өткөрүлөт.

Талаптары:

  1. Убактылуу республикалык штабдын (УРШ) төрагасынын атына конкурска катышуу боюнча арыз;
  2. Конкурска катышуучу жактын иш кагаздарынын көчүрмөлөрү;
  3. Лицензиянын (патенттин) көчүрмөсү;
  4. Салык жана Соцфондго атайын төлөмдөр боюнча карызы жоктугун тастыктоочу документ;
  5. Конкурска катышуучу жактын тигүү ишканалар рыногундагы кеминде үч жылдык ишмердигин тастыктоочу каржы иш кагаздары;
  6. Реквизиттер;
  7. УРШнын мүчөлөрүнө ажылык сапарында кийүүчү жайкы кемселдин эркектер жана аялдар үчүн үлгүсүн конкурска көрсөтүү.

Эске сала кетсек, Сауд Аравия быйыл кыргызстандыктардын ажыга баруусуна 6110 квота бөлүп берген.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.