Иран украиналык учакты кокусунан атып алганын моюнга алды

Аалам, Окуялар тизмеги 11 Янв 2020 19:14
0 ой-пикир

Иран Тегеранда кулаган украиналык учакты “адамдын жаңылыштыгынан улам” кокусунан атып алганын моюнга алды.

Бул жөнүндө билдирүү 11-январда мамлекеттик телеканал аркылуу жасалды.

Мамлекеттик телеканал аркылуу жарыяланган билдирүүдө “Украинанын эл аралык аба жолдору” компаниясына таандык учак Ислам ыңкылабынын сакчылар корпусунун аскер базасын көздөй багыт алганда “душмандын объектиси” катары жаңылыш кабыл алынганы айтылат.

АКШ менен курчуган кырдаалдан улам Иран аскерлери эң жогорку аскердик даярдыкта турганын, кырсыкка күнөөлүүлөр жазага тартыларын кошумчалашкан.

Буга чейин Иран бийлиги батыштагы бир катар өлкө башчылары жана эксперттердин 176 адам түшкөн “Боинг” ракетадан атылышы мүмкүн деген шек саноону четке кагып келген.

Эске салсак, 8-январь танга маал «Украина Эл аралык авиалиниясына» караштуу Boeing 737 Тегерандагы Хомейни аэропортуна жакын жерде кулаган.  Бортто 167 жүргүнчү болгон. Учакта тирүү жан калган эмес.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.