Алматыдагы авиакырсыктын себеби айтылды

Окуялар тизмеги 10 Янв 2020 19:05
0 ой-пикир

Казахстандын өкмөттүк комиссиясы Bek Air компаниясына таандык учактын Алматы облусунда кулашынын себептери тууралуу алдын ала маалыматты жарыялады. Бул жөнүндө Sputnik Казакстан жазды. 

«Аэропортто эки суткадан ашык турган борттун үстү жагына тоңгон муз учакты кулатышы мүмкүн. Андыктан кырсыктын негизги себеби катары учактын тоңуп калышы каралып жатат», — деди өлкөнүн вице-премьери Роман Скляр.

Анын айтымында, тоңуп калууга каршы каражат борттун айрым жерлерине гана сүйкөлгөн.

«Аба кемесинин командири музга каршы каражатты учактын тең салмакты сактоочу бөлүктөрүнө гана сүйкөтүүнү чечкен. Ал эми канаттарына сүйкөлгөн эмес», — деди Скляр.

Ошондой эле ал техникалык башка жагдайлар бардык талапка туура келгенин, экипаж тараптан аба кемесине карата нааразычылыктар айтылбаганын билдирди.

Эске сала кетсек, 27-декабрда таңга маал Алматы аэропортунан асманга көтөрүлгөндөн көп өтпөй кулаган учактын ичинде 95 жүргүнчү жана экипаждын беш мүчөсү болгон. Кырсыктан 12 адам каза таап, 49 киши жабыркаган. Каза болгондордун арасында экипаждын командири да бар.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.