Камчыбек Ташиев неберелүү болду. Сүрөт

Окуялар тизмеги 09 Янв 2020 11:51
0 ой-пикир

Бүгүн, 9-январда «Ата-Журт» партиясынын лидери Камчыбек Ташиев неберелүү болду.

Бул жөнүндө анын келини актриса жана модель Эркайым Абдуллаева сүйүнчөлөдү. Наристесин жарыкка алып келген Эркайым Инстаграмдагы жеке баракчасына “Кош келдиң уулум!” деп жазган.

Наристе саат 04:45те, бою 53 сантиметр жана 2 килограмм 920 грамм салмакта төрөлгөн.

Камчыбек Ташиевдин уулу Таймурас Ташиев менен Эркайым Абдуллаева 2018-жылдын 9-ноябрында баш кошушкан.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.