Кумтөр алтын кенинде жер көчкүдөн кийин дайынсыз болуп жаткан эки жумушчу табыла элек. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашты.
Учурда кырсык болгон жерде 100гө жакын куткаруучу жана 51 оор техника иштеп жатат. Буга чейин жумушчулар түштү деген автоунаа табылган. Бирок жумушчулар жок болуп чыккан.
Куткаруучулардын аракетине карабастан издөө иштеринен майнап чыга элек.
Эске сала кетсек, Кумтөр кениндеги кырсык 1-декабрь күнү таңга маал катталган. Лысый өрөөнүндөгү жер катмары көчүп түшкөн. Көчкөн жер катмарынын узуну 450 метр, туурасы — 570 метр жана бийиктиги — 50 метр, ал эми жалпы көлөмү — 12 млн. 825 миң куб метр.
Кырсык болгон учурда иштеп жаткан тоо-кен бөлүмүнүн мастери Өмүрбек Ишенбеков менен бульдозердин айдоочусу Жолдош Жунушевду жоголгон.