Үйлөрдү тоногон кылмышкерлер кармалды. Сүрөт

Окуялар тизмеги 06 Янв 2020 18:02
0 ой-пикир

Аламүдүн районунда каракчылык менен алектенген кылмышкерлердин тобу кармалды. Бул жөнүндө Чүй облусунун ИИББнин билдиришти.

Маалыматка караганда, 2019-жылдын 26-декабрында Көк-Жар айылынынын 23 жаштагы К.М. аттуу тургунун куралчан, бет кап кийген 3 белгисиз эркек киши ажаатканага камап койгон. Кийин 25 000 сомун, зер буюмдарын жана ноутбугун уурдап кетишкен. Жабырлануучу жалпысынан 142 800 сом чыгым тарткан.

Аталган факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 202 (Каракчылык) беренеси боюнча катталган.
2020-жылдын 4-январында кылмышка шектелип мындан мурун бир нече ирет соттолгон 37 жаштагы Д.Н., 34 жаштагы Р.Н. жана 38 жаштагы Ш.З. аттуу жарандар кармалган.

Кылмышкерлерди кармоо учурунда тоноо убагында колдонулган бет кап жана курал табылган. Учурда тергөө иши жүрүүдө .

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.