Кумтөр кенинде убактылуу иш токтоду

Окуялар тизмеги 04 Янв 2020 16:07
0 ой-пикир

Ысык-Көлдө Кумтөр кенинде убактылуу иш токтоду. Бул тууралуу аталган ишканадан билдиришти.

Кумтөрдө 2020-жылга тоо-кен казып алуу иштерине уруксат жок болгондугуна жана жардыруу ишинин убактылуу токтотулганы байланыштуу иш токтогон.

Буга байланыштуу “Кумтөр Голд Компани” ишканасынын директору Деон Баденхорсттун 1-январда кол койгон буйругуна ылайык, тоо-кен жана өндүрүш бөлүмүндө ишти 3-январда саат 07:00дөн баштап токтотуу айтылган.

Буга чейин, 2020-жылдын 1-январынан баштап Деон Баденхорст «Кумтөр Голд Компани» компаниясынын директору болуп дайындалган.

Ал буга чейин аталган компаниянын вице-президенти болуп эмгектенип келген. Компанияда 11 жылдан бери иштейт. 

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.