Түркия алгачкы жергиликтүү электромобилин таанытты

Аалам, Окуялар тизмеги 03 Янв 2020 22:27
0 ой-пикир

Жаңы жыл алдында Түркия дүйнөгө алгачкы электромобилин көрсөтту. Коджаэли провинциясынын Гебзе районунда жасалган электромобиль дүйнөлүк басма сөздө жана социалдык медиада учурда кызуу талкууда.

Дүйнө жүзүндө «trend topic» болгон Түркиянын электромобили #Yerlioto хештеги менен дүйнөлүк күн тартипте орун алды.

Рейтерс маалымат агенттиги бул кабарды «Түркия алгачкы жергиликтүү электромобилин таанытты» темасы менен берди.

3,7 миллиард доллардык долбоордун өлкөнүн өсүп бара жаткан экономикасынын көрсөткүчү катары президент Режеп Тайип Эрдогандын көптөн бери көздөгөнү экени белгиленди. Алгачкы электромобилдин сыноосун Түркиянын лидери өзү өткөрдү.

Эрдоган Түркиянын автомобилин бир гана өлкө ичинде сатып эле калбастан, бир эле учурда Европадан баштап глобалдык марка болушун каалаганын айткан.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.