Элдин эсебинен өткөн жаңы жылдык кече

Окуялар тизмеги, Өлкө 01 Янв 2020 11:53
0 ой-пикир

Ош шаардык мэриясы 27-декабрда калаадагы ресторандардын биринде жаштарга арналган жаңы жылдык кече өткөрдү. Салтанат өткөрүүгө кеткен каражат жергиликтүү бюджеттен бөлүнгөндүгүн «Kloop» маалымат агенттиги жазып чыкты.

Иш-чарага мэр Таалайбек Сарыбашов, шаардык кеңештин төрагасы Жапар Ормонов, жаш жетекчилер, активисттер, студенттер, ишкерлер жана журналисттер катышышкан. Жалпысынан жаңы жылдык кечеге 500гө жакын адам чакырылган.

Мэриянын басма сөз катчысы Азамат Абсаттаров кечени мэриянын алдындагы Жаштар комитети уюштурганын билдирген. Бирок каржылоого канча каражат кеткени тууралуу маалыматы жоктугун билдирген.

Ал эми мэриянын алдында түзүлгөн Жаштар комитети расмий түрдө комментарий бере элек.

«Kloop» маалымат агенттигинин журналисттери Мамлекеттик сатып алуулар департаментинин сайтынан кече уюштуруу тууралуу тендерди таба алышкан эмес.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.