Ала-Тоо аянтынан 3 тонна таштанды чыгарылды

Окуялар тизмеги, Өлкө 01 Янв 2020 15:15
0 ой-пикир

Жаңы жылдык майрамдан кийин борбор калаанын Ала-Тоо аянтынан 3 тонна таштанды чыгарылды. Бул тууралуу мэриядан  билдиришти.

Маалыматка ылайык, таштандыны «Тазалык» ишканасынын кызматкерлери 1-январь күнү саат бирден таңкы саат үчкө чейин тазалашкан. Борбордук аянтты тазалоого жалпысынан 60 адам жана 5 атайын техника тартылган.

Белгилей кетсек, майрамга карата «Ала-Тоо» аянтынын бардык тарабында таштанды челектери орнотулуп, кошумча дагы 20 чоң желим контейнер жана 10 евроконтейнер коюлган болчу.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.