Жакында парламент таркайт же болбосо Конституция өзгөрөт — Дастан Бекешовдун билдирүүсү

Окуялар тизмеги, Өлкө 27 Дек 2019 08:37
0 ой-пикир

2020-жылы Кыргызстандын баш мыйзамына кайра өзгөртүүлөр киргизилиши ыктымал. Бул тууралуу оз оюн Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев билдирди. Өз пикирин парламентарий социалдык тармактардагы баракчасына жарыялаган.

«Баардыгы Жаңы жылга камынып жатканда, парламентте кызыктай көрүнүштөр орун алууда. Азыркы тапта парламенттин отурумунда Жогорку Кеңештин токтому өттү. Анда кол тамгаларды текшерүү боюнча иш группасын түзүүнү каалап жатышат. Конституцияны өзгөртүү боюнча референдум жарыялоо боюнча мыйзам долбоору түшүптүр имиш. Ошол эле маалда мен ал мыйзам долбоорун бир нече жолу сурадым. Бирок мага ал жакта эмне деп жазылганын билүү зарылчылыгы жок деп жооп кайтарышты»,-дейт Дастан Бекешов.

Эл өкүлүнүн маалыматына караганда ал документ тууралуу бир дагы кесиптешинин кабары жок.

«Менин баамымда 2020-жылы же парламентти мөөнөтүнөн мурда таркатышат, же болбосо Конституцияны өзгөртүшөт. Кандай өзгөртүүлөр күтүп жатат биз билбейбиз. Бирок жакында баардыгы белгилүү болот. Бул жашыруун жана жаңы жыл алдында болуп жатканы өкүндүрөт»,-дейт Дастан Бекешев.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.