Жээнбеков Ирандын Кыргызстандагы элчисин кабыл алды

Окуялар тизмеги 26 Дек 2019 10:22
0 ой-пикир

Сооронбай Жээнбеков Иран Ислам Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Али Моджтаб Рузбеханини дипломатиялык миссиясынын аякташына байланыштуу кабыл алды. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирет.

Мамлекет башчысы Али Моджтаб Рузбеханинин өлкөлөрдүн ортосундагы эки тараптуу мамилелерди бекемдөөгө кошкон салымын белгиледи жана мындан аркы ийгиликтерди каалады.

Ирандын Кыргызстандагы Элчиси Али Моджтаб Рузбехани жолугушуу үчүн ыраазычылык билдирип өттү.

Эки өлкө ортосундагы мамилелерди бекемдөө үчүн бардык күч-аракетин жумшаганын кошумчалады.

Жолугушууда кыргыз-иран соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык кызматташтыгын бекемдөөнүн азыркы абалы жана келечеги, эл аралык уюмдардын алкагында өз ара кызматташуу тууралуу пикир алмашуу болду.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.