Сооронбай Жээнбеков Атамбаев тууралуу: Ал мамлекетти туңгуюкка алып келди

Окуялар тизмеги, Өлкө 25 Дек 2019 16:21
0 ой-пикир

«Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин айланасында болуп жаткан окуялар мени да ойлонтот», — деп билдирди Сооронбай Жээнбеков жыл жыйынтыктаган маалымат жыйынында.

Анын айтуусуна караганда, экөө оор жылдарда чогуу болушкан.

«Мен президент болгондон бери бир да сөз айткан жокмун. Себеби мага мамлекеттин, элдин бүтүндүгү өз тагдырыман да бийик турат. Мамлекетти экиге бөлгөнгө чейин барып жатышты. Мен баарына чыдадым, күттүм. Бирок аягында өзүн да, мени да, мамлекетти да туңгюкка алып келди. Бул маселе мыйзам чегинде эми чечилет. Ал менин колумда эмес. Буга чейин экөөбүздүн колубузда эле. Азыр эми укук коргоо органдарынын колунда. Мына кечээ парламент да ал боюнча өз баасын берди. Мен буга бир нерсе кошуп айта албайм», — деди президент.

Мамлекет башчысы бул маселе ал үчүн да оңой эмес экендигин айтты.

«Мен ачыгын айтканда, бир топ адамдын кызыкчылыгын коргобой, элдин, мамлекеттин кызыкчылыгын коргогонго өттүм. Бул менин тагдырым. Келечекте мени эмне күтөт бир кудай билет», — деп баса белгиледи ал.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.