Бишкекте «ВелоАязата» аталышындагы веломарш өтөт

Окуялар тизмеги, Өлкө 25 Дек 2019 11:07
0 ой-пикир

Бишкекте «ВелоАязата» аталышындагы веломарш өтөт. Уюштуруучулар каалоочуларды чакырууда. Бул тууралуу Велоспорт жана Велотуризм федерациясынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, иш-чара 31-декабрда саат 12:00дө Түштүк дарбазада башталат.

Аяз ата болуп кийинген велосипед тебүүчүлөр Абдрахманов көчөсү менен Бөкөнбаев көчөсүнө чейин барышып, Эркиндик бульварына кайрылышат. Андан соң, катышуучулар «Ала-Тоо» аянтына келишет.

«Өзүңөрдүн велосипедиңерди кооздоп, Аяз ата же Аяз кыз болуп кийинүү керектелет. Жаныңызга бир килограмм мандарин жана жарым килограмм таттууларды алып алыңыз. Булардын баарын аткаргандан кийин балдарды Жаңы жылы менен куттуктап көчө кыдырабыз», — деп билдирет уюштуруучулар.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.