Өкмөт: Соцфонддогу коррупциялык схемаларды жоюу маселеси талкууланды

Окуялар тизмеги 24 Дек 2019 17:11
0 ой-пикир

Вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова мамлекеттик социалдык камсыздандырууну башкаруу боюнча Байкоочу кеңешинин жыйынын өткөрдү. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирет.

Жыйында мекемелер аралык жумушчу топ тарабынан даярдалган ар кандай категориядагы төлөөчүлөр үчүн камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтик чегин кайрадан карап чыгуу боюнча иштелип чыккан чаралар каралды. Жумушчу топ Пенсиялык жана тарифтик саясатты; Топтомдук компонент саясатын; Аскер кызматкерлеринин пенсиялык камсыздандыруусун жакшыртууга багытталган камсыздандыруу төгүмүнүн тарифтик чеги боюнча 15 сунуш даярдаган.

Жыйында ошондой эле 2020-жылга карата актуардык коэффицент жөнүндө жана Социалдык фонд системасындагы коррупциялык схемаларды жоюу боюнча маселелерди талкуулашты.

Муну менен катар «Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду тарабынан Мамлекеттик пенсиялык топтоо фондунун пенсиялык топтолгон каражаттарын төлөп берүүнүн эрежелери жөнүндө» Өкмөттүн токтом долбоору каралды.

Социалдык фонддун өкүлдөрүнүн айтымында, долбоордун максаты пенсиялык топтомо каражаттарын топтоого жарандарды шыктандыруу жолу менен пенсиялык топтоо системасынын жагымдуулугун жогорулатуу болуп саналат.

Токтом долбоорго ылайык, онкологиялык ооруларга чалдыккан, жүрөк-кан тамыр же өмүрүнө коркунуч жараткан, кымбат дарылоону талап кылган оор илдет менен ооругандар, ошондой эле мамлекеттик ипотекалык насыялоо программасы боюнча турак жай алган жарандар пенсиянын топтомо бөлүгүн мөөнөтсүз алуу мүмкүнчүлүгү бар.

Вице-премьер-министр бул чаралар өмүрүнө коркунуч жараткан оор илдетке чалдыккан жарандарды колдоого багытталганын белгиледи.

«Бардыгы жарандар үчүн түшүнүктүү, ыңгайлуу жана жеткиликтүү болуш керек. Алар зарыл болсо кайсыл жерге кандай документтер менен барыш керектигин жана маселелер кайсыл мөөнөттө чечилерин билиши зарыл», – деп белгиледи вице-премьер-министр.

Социалдык фонддун өкүлдөрү олуттуу оорууга чалдыккан жарандар атайын түзүлгөн эки форманы, так аныктамасы менен маалымдама толтурат, андан кийин пенсиянын томтомо бөлүгү алардын эсебине которулат. Ошондой эле оор илдеттердин тизмеси түзүлдү. Алар: онкологиялык, жүрөк-кан тамыр оорулары, канга байланыштуу илдеттер. Муну менен катар кан айлануу органдарына тиешелүү дарттардын түрлөрүнүн жана формаларынын, артериялык оорулардын тизмеги түзүлдү.

Жарандар өздөрүнүн топтолгон пенсиялык каражатын бир учурда жеке камсыздандыруу эсебине топтолгон көлөмүндөгү акчаны, тагыраак айтканда чектөөсүз алуусуна шарт түзүлүүдө.

Ошондой эле, эгерде жарандын же анын жубайынын турак жайы жок болсо, ошол эле учурда пенсиянын топтомо бөлүгү 50 миң сомдон жогору болсо, анда ал мамлекеттик ипотекалык насыялоо программасы боюнча үй алуу үчүн баштапкы төлөмдү төлөөгө мөөнөтүнөн мурда алууга мүмкүнчүлүк түзөт.

Ипотекалык насыя алгандар Социалдык фонддун өкүлчүлүгүнө үч жумушчу күндүн ичинде карала турган бир катар документтерди жана арызды алып баруусу керек. Арыз берүүчүнүн чындыгында турак жайынны жоктугу Мамлекеттик каттоо кызматы тарабынан тастыкталгандан кийин, Мамлекетик ипотекалык компаниянын эсебине акчасы (пенсиянын топтомо бөлүгү) которулат.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.