Жалал-Абаддагы колониянын кызматкерлери үйлүү болушту. Сүрөт

Окуялар тизмеги, Өлкө 20 Дек 2019 09:33
0 ой-пикир

Жалал-Абад шаарында курулушу эки жыл мурда аяктаган көп кабаттуу эки үй 19-декабрда пайдаланууга берилди.

Шаардагы аэропорттун жанына Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын (ЖАМК) кызматкерлери үчүн салынган 70 батирлүү турак жайдын ачкычтарын өкмөт башчысы Мухаммедкалый Абылгазиев тапшырды.

Өкмөт башчы соттук реформанын алкагында орган кызматкерлеринин социалдык абалын жакшыртуу үчүн бир топ аракеттер жасалып жатканын белгиледи.

Бул үй ЖАМКтын Жалал-Абаддагы №10 колониясынын кызматкерлерине салынган. Бир жана эки бөлмөлүү 70 батирдүү турак жайдын курулушуна бюджеттен 96 млн. сом бөлүнгөн.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.