Дүйнөлүк банк салыктык башкаруу системасын модернизациялоого $385 миң грант бөлөт

Окуялар тизмеги 17 Дек 2019 08:27
0 ой-пикир

Жогорку Кеңештин Бюджет жана финансы боюнча комитети Кыргызстан менен Дүйнөлүк банктын ортосундагы Салыктык башкаруу системасын жана статистикалык системаны модернизациялоо долбоорунун (ЕСАРDEV Траст фондунун ТА0B0175 гранты) алкагында гранттык макулдашуу-каты жөнүндө ратификациялык мыйзам долбоорун жактырды. Бур туралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, эки тараптуу келишимге ылайык, Дүйнөлүк банк “Салыктык башкаруу системасын жана статистикалык системаны модернизациялоо” инвестициялык долбоорун даярдоо үчүн 384 миң 900 доллар өлчөмүндө гранттык каражат бөлөт.

Инвестициялык долбоор төмөнкү бөлүмдөрдөн турат:

1) Маалыматтык-технологиялык инфратүзүмдөрдүн алкагында функционалдык кемчиликтерди талдоо, иштеп чыгуу жана баалоо жүргүзүү;

2) Долбоорду ишке ашыруу бөлүмүн түзүүнү кошкондо ПМНАСС долбоорун ишке ашыруу максаты үчүн сатып алуулар жана финансылык башкаруу жаатындагы ДИБ тандалып алынган кызматкерлеринин дараметин өстүрүү боюнча иш-чараларын колдоо;

3) Долбоордун ишине аудит жүргүзүүдө колдоо көрсөтүү.

Депутат Марлен Маматалиев акыркы мезгилде насыя каражаттарга жакшы көңүл бурулуп жатканы менен, гранттык каражаттарга жакшы көңүл бурулбай келатканын белгиледи.

“Гранттык каражаттар бекер берилгенине карабастан, анын кандай пайдаланып жатканын да көңүл сыртында калтарбашыбыз керек. Мисалы, ушул гранттын 84 пайызы консултация берүү кызмат акысына жумшалат экен. Эмне үчүн мынчалык көп бөлүнгөнүнө түшүнүү кыйын”, — деди Маматалиев.

Салык кызматынын өкүлү Искендер Асылкулов бул гранттык каражатка 17,5 млн доллар көлөмүндөгү ири долбоор даярдала турганын, анын жарымы жеңилдетилген насыя насыя, жарымы грант болорун эске салды. “Долбоор иштелип жатканда каражаттын 80 пайызын консультациялык кызмат акыга пландаштырылган, бирок сүйлөшүү жыйынтыгында 26 пайызга чейин кыскарта алдык”, — деди салык кызматынын өкүлү.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.