УКМК: Атамбаевдин ден соолугу канааттандырарлык

Окуялар тизмеги 15 Дек 2019 09:15
0 ой-пикир

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин ден соолугу тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети маалымат берди.

Маалыматка ылайык, Атамбаев күнү-түнү дарыгерлердин көзөмөлүндө. Анын абалы канааттандырарлык.

Белгилей кетсек, буга чейин 12-декабрда Батукаевди абактан мыйзамсыз бошотуу боюнча соттук отурум Атамбаевдин ден соолугуна байланыштуу жылдырылган болчу.

Ал эми соттук отурум 17-декабрда Биринчи Май райондук сотунда уланат.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.