Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин ден соолугу тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети маалымат берди.
Маалыматка ылайык, Атамбаев күнү-түнү дарыгерлердин көзөмөлүндө. Анын абалы канааттандырарлык.
Белгилей кетсек, буга чейин 12-декабрда Батукаевди абактан мыйзамсыз бошотуу боюнча соттук отурум Атамбаевдин ден соолугуна байланыштуу жылдырылган болчу.
Ал эми соттук отурум 17-декабрда Биринчи Май райондук сотунда уланат.